Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Укук коргоочу Н. Ботокозуев мунапыс менен бошотулду


“Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун өкүлү Равшан Гапиров “Азаттыкка” Нематилла Ботокозуевди мындан бир саат мурун Ош шаардык соту мунапыс менен эркиндикке чыгарганын билдирди. Анын айтымында, Н. Ботокозевди кечээ Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алып келишти. Мурунку бийликтин тушунда Н. Ботокозуев 2008-жылы Ноокат окуясын уюштуруучусу катары айыпталып ушул жылдын февраль айында Тажикстанда камакка алынган. 2008-жылы Орозо Айтта Ноокатта тополоң уюштурган деген айып менен 32 адам абакка кесилген. Убактылуу өкмөттүн “Мунапыс тууралуу” декретине ылайык алардын баары өткөн жумада бошотулду. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG