Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Ош облусу селден жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, нөшөрлөп жааган жаандан катуу сел жүрүп Оштун айрым райондору жабыркады. Өзгөн районунда жолдун беш жүз метрин сел жууп кетти. Көлдүк айылында көпүрө сууга агып, электр зымдары тартылган мамылар кулап калды. Ноокаттагы төрөт үйдү, тогуз үйдү суу каптады. Көкбел айылындагы орто мектепти да сел капташы мүмкүн деген коркунуч бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетинин алдын алуу боюнча штаб түзүлгөнүн билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG