Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Апрель окуяларынан бери 300дөн ашуун курал-жарак топтолду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Жекшен Кулманбетов билдирди. Анын айтымында бул апрель окуяларында элдин колуна өтүп кеткен куралдардын 24 пайызын түзөт жана алардын көпчүлүгүн жарандар өз эрки менен алып келип беришти. Кечээ ИИМ курал-жарактарды чогултуу боюнча кеңири текшерүү иштерин баштады. Ага ылайык 24-майдан 24-июнга чейин “Арсенал” деп аталган рейд жүрөт. Бейрасмий маалыматка ылайык, апрель окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен. ИММ өз эрки менен куралдарды тапшыргандар жоопкерчиликтен бошотуларын эскертип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG