Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ж. Зикирбаев, Ч. Мамытов жана У. Кожоевди издөө башталды


Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы бул окуя боюнча ыкчам иликтөө топ түзгөнүн маалымдашты. Кечээ кечке маал Биринчи май райондук соттун жанында атышуу болуп, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Руслан Шаботоевди, дагы бир депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрдү деп шектелген Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевдер качып кетишти. Атышуудан кароол башчысы навыт кетти. Ошол күнү сотто бул үчөөнүн иш боюнча сот башталган болчу. Р. Шаботоев 2008-жылы сентябрда дайынсыз жоголуп толук бир жылдан кийин сөөгү табылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG