Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Р. Отунбаева И. Масалиевдин ишин көзөмөлгө алууну убада кылды


Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин тарапкерлери 24-майда кечинде убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушту. И. Масалиевди коргоо комитетинин маалымдашынча, анда Р. Отунбаева И. Масалиевге байланыштуу кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин өз көзөмөлүнө аларын убада кылды. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары, Конституциялык кеңешменин жетекчиси Өмүрбек Текебаев 24-майда Улуттук коопсуздук кызматтын абагында отурган И. Масалиевге барып Баш мыйзамдын акыркы вариантына кол койдуруп келди. И. Масалиев аталган кеңешменин мүчөсү. Коммунисттер партиясынын төрагасы 14-майда Коопсуздук кызматтын абагына камалган. Ал өлкөдөгү соңку башаламандыктарга тиешеси бар деп айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG