Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Пакистанда уруу башчылары козголоңчуларга эскертүү жасашты


Сват өрөөнүндөгү уруулардын аксакалдары 21-майда козголоңчу топтордун ичинде 25 үй-бүлөнүн мүчөлөрүн там-жайынан чыгарып, кууп жиберишкен. Аксакалдар жикчилерге эскертүү жасап, эгер алар 20-майга чейин колго түшүп беришпесе, алардын үй-бүлөлөрү – 125 адам – там-жайынан куула турганын айтышкан болчу. Расмий бийликтердин маалыматына караганда, Сват өрөөнүндө былтыр өкмөттүк аскерлер козголоңчуларга каршы чабуулдарын күчөтүшкөндө, көпчүлүк жикчилер куралын таштап, жергиликтүү калкка аралашып кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG