Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея менен бүт алакаларын токтотту


Муну расмий Пхеньян коңшулаш мамлекет тараптан айтылган айыпка жооп иретинде бүгүн билдирди. Түштүк Корея 26-мартта аскерий кемеси жарылып, 46 адам өлгөнүн, эларалык иликтөөнүн жыйынтыктарына негиздеп, Түндүк Кореядан көргөн эле. Бирок Пхеньян ал кырсыкка эч тиешеси жоктугун айтып келатат. Бир аз мурдараак Түштүк Корея чектеш райондордо Түндүк Кореяны айыптаган пропагандалык радио-берүүлөрүн уктура баштаган.

XS
SM
MD
LG