Ямайканын башкалаасы Кингстондо белгилүү маңзат аткезчиси, же наркобаронду колго түшүрүүгө каршылык көрсөткөн кылмыштуу топтор менен атышуудан бери дегенде 30 адам набыт болду, алардын көбү катардагы бейкүнөө жарандар. Өлкөнүн премьер-министри Брюс Голдинг өткөн аптада АКШ издөө салган наркобарон Кристофер Коукту кармоо операциясы башталганын жарыялап, куралдуу тирешүүдөн улам башкалаада өзгөчө кырдаал киргизген.