Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

“Мекен шейиттери” түрк элчилигинин жанында нааразылык акцияга чыкты


Аталган кыймылдын мүчөсү Кайрат Шабданбековдун маалымдашынча, бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында кырктай адам акцияга чыкты. Алар түрк бийлигин Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди өз өлкөсүнө киргизди деп айыптады. Түрк элчилигинен өкүл чыгып К. Бакиев азыр Түркияда эс алууда жүрөт деген маалыматты четке какты. Кечээ “Мекен шейиттери” казак элчилигинин жанында расмий Астананы К. Бакиевди Белоруска өткөрүп бергени үчүн нааразылык акцияга чыгышкан. К. Бакиев апрель окуяларынын кийин өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Апрель ыңкылабында кеминде 87 адам набыт кеткен, миңдеген адамдар жаракат алышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG