Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:51

Ырчы Микаэлди өлтүргөн деп шектелген киши кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда, Бишкек шаардык жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринен улам бул кылмышты жасаган адам камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Доутовду 31-мартта кечке жуук үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG