Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Иран президенти АКШ менен Орусияны өзөктүк отун алмашуу келишимин колдоого чакырды


Махмуд Ахмадинежад АКШны өзөктүк курал келишимин колдоого чакыруу менен катар бул Ирандын өзөктүк программасына байланышкан талашты чечүүнүн акыркы мүмкүнчүлүгү экенин эскертти.

Сыналгыдан жасаган кайрылуусунда Ахмадинежад ирандыктар эгер АКШ президенти Барак Обама азыркы учурду пайдаланбаса, ага жаңы мүмкүнчүлүк тартуулай албай турганын белгиледи.

Иран президенти ошондой эле орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведевди Вашингтондун турумун колдоо маселесин кайра ойлонуп көрүүгө чакырды. Ахмадинежаддын айтымында, БУУнун санкцияларынын төртүнчү айлампасын Орусиянын колдошу “кабыл алынгыс”.

Батыш өкмөттөрү Бразилия жана Түркиянын ортомчулугу астында ушул айдын орто ченинде жетишилген келишимди четке кагышкан. Ага ылайык, Иран чала байытылган уранын өзөктүк отунга алмашуу үчүн Түркияга жиберип турмак. Батыш өлкөлөрүнүн пикиринде, келишим Ирандын өзөктүк программасы боюнча тынчызданууларды баса албайт. Анткени Иран уранды жогорку деңгээлде байытуу мүдөөсүнөн баш тарткан жок. Жогорку деңгээлде байытылган уранды өзөктүк курал жасоо үчүн колдонууга болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG