Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Казакстанда кырылган сайгактар саны 12 миңге жетти


Сайгактардын кырылуусу Батыш Казакстан облусунун аймагында катталды. Облустун санитардык –эпидемиологиялык департаментинин башчысы Серик Иманкуловдун билдиргенине караганда, иликтөө сайгактар алардын өпкөсүн дартка чалган инфекциядан (пастереллез) улам кырылганын көргөзүүдө. Казакстандык расмий өкүл бул окуяны “кеңири масштабдагы трагедия жана табигый апаат” деп атады. Казакстан менен катар Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстандын талааларын байырлап келген сайгактардын саны бир миллиондун тегерегинен 1990-жылдары 50 миңге түшкөн. Мунун башкы себептеринин бири алардын эт үчүн атылышы. Казакстандын айыл-чарба министрлигинин эсебине караганда, былтыр өлкө аймагында 90 миңдей сайгак болгон.

XS
SM
MD
LG