Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Дүйнөлүк экономика жанданууда, бирок коркунуч бар


Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, глобалдык экономика оңолуу үстүндө, бирок евроаймактагы карыз кризиси анын толугу менен жандануусуна коркунуч жаратууда. Аталган уюмдун акыркы алты айды иликтөөдөн кийин бүгүн жарыяланган маалыматында дүйнөлүк экономиканын өсүү көрсөткүчү мурдагы божомолдон жогорулаган. Жаңы божомол боюнча дүйнөлүк экономика быйыл 4,75%га өсөт. Былтыр ноябрда эле Экономикалык кызматтыштык жана өнүгүү уюму быйылкы өсүштү 3,4% деп жоромолдогон болчу. Уюмдун айтымында, азыр жандануунун белгилерин Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү көргөзүүдө, бирок дүйнө аймактары ортосундагы дисбаланс глобалдык кризистин негизги себептеринин бири болгон. Бул көрүнүш кайрадан күчөөдө.

XS
SM
MD
LG