Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Жорж Крол Ош облусунда болду


Маалыматка караганда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШ Мамкатчысынын өкүлү Жорж Крол 26-майда Ошто өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкө түштүгүндөгү улуттар аралык мамилени талкуулады. Ал ошондой эле Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков баш болгон облус жетекчилери жана Ош шаарынын мэри менен жолугушуп социалдык-экономикалык маселелер боюнча сүйлөштү.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жорж Крол 25-майда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева менен жолугушуп, расмий Вашингтон Кыргызстандын бийлигине өлкө алдында турган милдеттерди аткарууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG