Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Б.Шерниязов Анталияда Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берди


Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов ушул тапта Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан Азия өлкөлөрүнүн полиция министрлеринин жыйынына катышууда. Жыйында министр өлкөдөгү маң зат боюнча абал жана аны менен күрөшүү жолдору тууралуу кеңири маалыматтык-аналитикалык баяндама жасады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул жыйын Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугун жана аймактардагы стабилдүүлүктү бекемдөө боюнча конкреттүү сунуштарды киргүзүү максатында уюштурулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG