Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстанга Орусиядан 8,5 млн. рублди түзгөн медициналык гуманитардык жардам келет. Маалыматка караганда, 18 тонналык жардамдын ичинде медициналык жабдуулар, шаймандар, дары-дармек жана тазалоочу каражаттар бар. (КЕ)