Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Индия президенти соңку 10 жылда Кытайга биринчи жолу келди


Индия президенти Пратихба Патил айым Бээжинде Кытай президенти Ху Цзянтао менен кездешти. Патил айым алты күндүк сапар учурунда Кытай жетекчилиги менен соода жана чек ара маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Бул Индия мамлекет башчысынын акырыкы 10 жылда Кытайга биринчи ирет келиши. Кытай-Индия алкасы 1962-жылкы чек ара согушунан соң 50 жыл бою илең-салаң болду. Кытай азыр Индиянын эң чоң соода өнөктөшү. Бирок Дели өз ара сооданын экиден үчүн Кытайдын экспорту түзгөнүнө бир нече ирет нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG