Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

“British Petroleum” деңиз түбүндөгү тешикти бүтөөдө


“British Petroleum” компаниясы Мексика булуңунун түбүндөгү мунай бургулоочу скважинанын тешигин цементтеп бүтөй баштады. Максат - 22-апрелден бери деңизге агып жаткан мунайды токтотуу. Компаниянын жетекчилеринин бири Тони Хэйуорд:

- Биз кеминде 24 саат бою цемент куябыз. Ошондон кийин гана иштин натыйжасы дайын болот. Жоон топ адистер мунайдын акканын токтотуу үчүн бардык иш-чараларды көрүүдө.

Буга дейре 1600 метр деңиз тереңинде цемент куйулган эмес. Мунайдын уюткусунан жээги зыян тарткан Луизианы штатынын губернатору “Бритиш Петролиумду” жана АКШ өкмөтүн экологиялык кырсыкка каршы өтө жай иштөөдө деп сындады.

XS
SM
MD
LG