Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Кыргызстанда Элдик курултай өтөт


Элдик курултай 23-июнга белгиленген. 15-20-июнга чейин райондордо жана облустарда конференциялар өткөрүлүп, делегаттар шайланышы керек. Курултайга 900дөн кем эмес делегаттар чакырылат. Элдик курултайды өткөрүү демилгесин Кыргызстан патриоттук партиясы, Коррупциялык системага каршы күрөшүү жана Улуттук кайра жаралуу элдик-патриоттук революциялык кыймыл көтөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов билдирди.

Мындан сырткары алар кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда “бакиевчилер кетип, акаевчилер бийликке келишти. Коррупциялык система ошол эле бойдон былкылдабай, өз ордунда калды. Ал гана эмес аларга сын айткандарды куугунтуктоо көбөйүп, зомбулук күчөдү”, - деп жазылат. Алар Элдик курултай чакырып, ошол жерден коорупциялык системага аралашпаган, таза, патриот инсандардан легитимдүү элдик коалициялык өкмөт түзүүнү сунушташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG