Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жалал-Абад облусунда коомдук саясий абал көзөмөлдө


Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун ырасташында, бүгүн облбийликке 60-70 адам келди. Алар мурдагы губернатордун эки орун басарын бошотууну талап кылышты. Аталган орун басарлар 14-15-майдагы окуяларга катышы бар деп шектелип, 25-майда камакка алынган. 27-майда өткөн Жалал-Абад шаардык соту үй камагына которуу тууралуу чечим чыгарып, мурдагы орун басарлар абактан бошотулгандан кийин чогулгандар таркап кетишти. Коменданттык саат күчүндө турган Жалал-Абад шаары жана Сузак району менен бүтүндөй облуста абал тынч болду деп билдирди губернатор Бектур Асанов. Ички иштер министрлиги кечээ Жалал-Абадда 19-майда болгон окуяга шектүү деп эсептелген 6 киши облустук прокуратурага жеткирилгени жана облустагы коомдук-саясий абал көзөмөлдө турганы тууралуу маалымат таркаткан. (YA)

XS
SM
MD
LG