Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Экс-коргоо министри Э.Топоев орус делегациясын баштап Казакстанга барды


Бул тууралуу маалымат тараткан CA-NEWS агенттигинин билдиришинче Казакстанда өтүүчү эл аралык курал көргөзмөсүнө Орусиянын делегациясын Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри Эсен Топоев жетектеп барды. Ал “Ростехнология” мамлекеттик корпорациясынын жана “Рособоронэкспорт” мамлекеттик федералдык ишканасынын бириккен делегациясынын жетекчиси болуп эсептелет.
Мурдагы президент Аскар Акаевдин мезгилинде 1999-жылдан 2005-жылга чейин Эсен Топоев Коргоо министрлигин жетектеген.

Маалыматка караганда, кечээ Астанада курал жана аскерий-техникалар көргөзмөсүн казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл ачып, ага 20 мамлекеттин 200дөй компаниясы катышууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG