Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 18 жылдыгы белгиленет


Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү салтанаттуу иш-чарада аскер кызматчыларына сыйлыктар берилип, улуттук армиянын пайда болуу жана өнүгүү жолдору, көйгөйлөрү менен жетишкендиктери тууралуу “Тарых уланууда” деген даректүү тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле филармониянын кире беришинде куралдуу күчтөрдүн 18 жылдык тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү, ок атуучу куралдардын жана аскер кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Салтанатка Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, аскер кызматкерлери, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Кыргызстандан аккредитациядан өткөн чет мамлекеттердин аскердик атташелери катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG