Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Ө.Текебаев JICA жетекчиси Хидэаки Маруяма менен жолугушту


Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев 27-майда Адамды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы жапон борборунун (JICA) жетекчиси Хидэаки Маруяма менен жолугушту. Анда июнда өтө турган референдум жана октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо JICA кандай көмөк көрсөтө алаары тууралуу сөз болду. Текебаев өз кезегинде өлкөдө жарандардын шайлоо жараяндарына ишенимин кайтаруу үчүн БШК жаңы тартипте түптөлгөнүн, таза шайлоолор уюштурулушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Маруяма Жапониянын 7-апрелде талкаланган УТРК жабдыгын жаңыртып берүү ниети бар экендигин билдирди. Жолугушууда Кыргызстанда электрондук добуш берүү системасын ишке киргизүү демилгеси да көтөрүлдү. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG