Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү акталды


Бишкек шаардык соту “Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын мүчөлөрүнө мурда 1-май райондук соту чектеген жазалардын бардыгын бүгүн (29-майда) жокко чыгарды. Курамына ондон ашык жаштар уюмдары кирген “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү 2007-жылдагы парламенттик, 2009-жылдагы президенттик шайлоолордон кийин бир катар нааразылык иш-чараларын (акцияларын) уюштурганы үчүн убактылуу кармоочу жайга камалып, анын жыйырмадай мүчөсүнө акчалай айып салынган.

2007-жылдагы Кыргызстандагы чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин пайда болгон “Мен ишенбейм” жаштар кыймылы бул парламенттик шайлоодо шайлоо эрежелеринин одоно бузулушун сынга алып, анын жыйынтыгын тааныбайбыз деп, адам укуктарынын Конституцияга жана эл аралык нормаларга ылайык сакталышын талап кылышкан. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG