Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

"BP": компаниясы кырсык болгон жерде аккан мунайды токтотуу ишинде натыйжа бар


"Бритиш Петролиум" ишканасынын башчысы Тони Хейворд “Рейтер” маалымат агенттигине: "Менимче, биз ишти илгерилете алдык. Биз атайын программанын негизинде иштеп жатабыз жана ал чындап натыйжа берээрин көрсөтүүдө. Бирок иш дале бүтө элек", - деп айтты. 20-апрелде ал жердеги мунай платформасы жарылып кетип, жер түбүнөн аккан кара май сууга аралашып кеткен. Муну АКШнын тарыхындагы эң ири “мунай булганычы” деп атап жатышат. Президент Барак Обама кечээ Луизиана штатында болуп, кырсык болгон жерде кызматкерлердин санын үч эсеге, 60 миң адамга чейин, көбөйтүүгө буйрук берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG