Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Жаңы конуш жаштары арасында мелдештер өтүүдө


Бүгүн Бишкекте Америка кошмо штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү долбоорунун колдоосу алдында, шаардын жака-белиндеги жаңы конуштардын жаштары арасында спорттук мелдештер жана билим сынактары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Буга чейин жаңы конуштарда өткөн мелдештерде тандалган жаштар мини-футбол, чуркоо, аркан тартмай өңдүү оюндарда күч сынашып, дилбаяндар сынагына катышышат. Ал эми жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилмекчи.

Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт комплексинде өтүп аткан иш-чарага Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер айым баштаган адамдар катышууда.

Аталган иш-чаранын максаты, жаштарды активдүү жашоого үндөө, алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана коомдун келечеги болгон жаш кадрларды колдоо болууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG