Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Генерал Б.Алымбеков аскерлерди куттуктады


Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты, генерал-майор Бакыт Алымбеков Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн он сегизинчи жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу комендант Б.Алымбековдун маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ушул тапта коменданттык саат киргизилген Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда абал стабилдүү. Милиция кызматкерлери менен ички иштер аскерлери аталган аймактарда тартипти коргоо боюнча кызматтарын өтөшүүдө.

Ал эми кечээ Жалал-Абад шаарында куралдуу күчтөрдүн он сегиз жылдыгына байланыштуу иш-чара өтүп, ага Б.Алымбеков, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов баш болгон ырасмий өкүлдөр катышышты. Иш-чара учурунда Ички иштер министрлигинин ички аскерлери менен Коргоо министрлигинин айрым кызматкерлери төш белгилер, ардак грамоталары, акчалай сыйдыктар менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG