Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

Колумбияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот


Колумбияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы коргоо министри Хуан Мануэл Сантос лидер катары катышмакчы. Азыркы мамлекет башчынын шериги Сантос жекшемби күнкү добуш берүүдө биринчи орунду ээлегени менен жеңиш үчүн керектүү 50 процент ала алган жок. 20-июнда ал эми баш калаа Боготанын мэри Антанас Мокус менен атаандашмакчы. Литвалык мигранттын баласы Мокус биринчи айлампада Сантостон дээрлик жарым эсе аз добуш алды.

XS
SM
MD
LG