Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

ИИМ курал-жарактар боюнча текшерүү иштерин улантууда


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, рейддин жүрүшүндө курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды сактоочу 170тен ашык жай жана 2 миңге чукул жеке аңчылар, сыйлыкка алган куралдары бар адамдар текшерилди. ИИМдин курал-жарактарды жыйноо боюнча мындай атайын рейди 24-июнга чейин уланат. Кыргызстанда апрель окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен. ИИМ азыр алардын 24 пайызы топтолгонун, көпчүлүгүн жарандар өз эрки менен тапшырып жатканын билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG