Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн 200 миң анкета таркатылды


Бул тууралуу ушул тапта Убактылуу өкмөттүн референдумга даярдыктар туурасында өтүп жаткан кеңейтилген жыйынында айтылды. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаевдин айтымында, референдумду өткөрүүгө даярдыктар жана түшүндүрүү иштери толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат. Маалыматка караганда, Конституциялык кеңешменин алтымаштай мүчөсү аймактарга чыгууга макулдугун беришкен жана ага 25 автобус камдалган. Мындан тышкары Конституциянын долбоору орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде 1,5 миллион нуска менен басылып чыгат. Муну менен катар 300 миң нуска Негизги мыйзамга комментарийлер чыгарылмакчы. Ички миграцияны эске алуу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо максатында ар бир үй-бүлөгө 200 миң анкета таркатылып, анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайда жүргөндүгү так көрсөтүлөт.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын төрагалыгы алдында өтүп жаткан жыйынга министрликтер менен ведомстволордун башчылары, мамлекеттик облустук администрациялардын башчылары – губернаторлор катышууда. Бул маалыматты Убакытлуу өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG