Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Мунай агымы АКШнын тарыхындагы эң ири кырсык болду


Бул тууралуу Ак үйдүн кеңешчиси Кэрол Браунер билдирди. Анын айтымында, Мексика булуңундагы мунай агымы Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң ири экологиялык кырсык болду. Ак үйдүн кеңешчиси белгилегендей, агымды токтотуу аракеттери жасалганга чейин төгүлгөн мунайдын көлөмү дагы 20%га көбөйүшү мүмкүн. Кэрол Браунер бул жөнүндө Мексика булуңунда мунай өндүргөн “Бритиш Петролиум” компаниясы агымды токтотуу боюнча эң соңку аракети оңунан чыкпай калганын жарыялагандан кийин айтты. Ак үйдүн өкүлүнүн болжолунда, мунай агымы август айына чейин созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG