Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Израил соңку аскерий аракетин коргосо, дүйнө өлкөлөрү нааразылык билдирүүдө



Израилдин күчтөрү бүгүн Палестинага жан тарткан активисттердин Газа секторуна деңиз аркылуу гумманитардык жардам жеткирүүгө аракеттенген кемелерин кармап, эки тараптын кагылышуусу учурунда кеминде 10 адам каза тапкан эле. Мындан улам Түркия өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Салим Йенелдин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Израилге эки тараптуу мамилеге зыян тийиши мүмкүн экенин эскертти:

-Бул эл аралык сууларда болду, эл аралык укук олуттуу түрдө бузулду. Биз бул жерде Израилдин элчисин чакырттык, эл аралык укук одоно түрдө бузулгандыгын айттык. Себеби кербен гуманитардык гана жүк алып келе жаткан.

Жалпысынан 10 миң тонна жүк тартып келе жаткан кемелердин ичинде 700дөй активист, көпчүлүгү түркиялыктар болгон. Алар Газа секторунда Израилдин төрт жылга созулган блокадасын бузууга аракеттенишкен.

Деңизде орун алган окуядан улам Грекия Израиль менен биргелешкен аскерий машыгуусун токтототту. Франция менен Германия камтамачылык билдирди. Европа биримдиги Израилден иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Ал эми Израиль армиясынын өкүлү кагылышты аскерлер тик учактан аркан менен түшкөндө кербендин көч башындагы түркиялык кемедегилер баштагандыгын билдирди.

Палестиндердин исламчыл Хамас уюму мусулмандарды Израилдин дүйнөдөгү элчиликтери алдында нааразылыкка чыгууга үндөсө, президент Махмуд Аббас үч күнгө аза күтүү күнүн жарыялап, Израилдик аскерлердин аракетин “кыргын” деп баалады. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад кол салууну “адамкерчиликсиз” деп атап, бул Израилдин “күнү бүтүшүн мурдагыдан да жакындатты” деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG