Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Апрель, май окуяларын иликтей турган мамлекеттик комиссия биринчи жыйынга чогулду


2010-жылдын апрелинде жана майында Талас, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында жана Маевка айылында болгон кайгылуу окуялардын себептери менен шарттарын ар тараптуу иликтөө, аларга саясий баа берүү үчүн мамлекеттик комиссия бүгүн биринчи жыйынын өткөрдү. Комиссия болгон окуялар боюнча тиешелүү корутундуну Убактылуу өкмөттүн кароосуна 2010-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө киргизиши керек. Ал эми мамлекеттик орган жетекчилери комиссия ишине көмөк көрсөтөт.

Апрель жана май окуяларын иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүү боюнча токтомго Убактылуу өкмөт жетекчиси, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кол койгон. 23 кишиден турган комиссияга мурдагы спикер, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев төрагалык кылат. Комиссия курамында Убактылуу өкмөт мүчөсү Топчубек Тургуналиев, Салматтыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева, Улуттук телерадиокорпорациясынын директору Кубат Оторбаев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, “Азаттык” радиосунун башкы редактору Айданбек Ташкенбаев, Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Жыпар Жекшеев жана башкалар кирген.

(КЕ)

XS
SM
MD
LG