Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Таласта чек арага байланыштуу чатак ырбай баштады


Бир жумадан бери Кара-Буура району Көк-Сай айылынын күн батыш жагынан Казакстандын чек арачылары демаркациянын негизинде деп чек араны зым тор менен тарта башташкан. Натыйжада кыргыз дыйкандарынын 2000 гектар үлүш жерлери Казакстанга кирип кетти деп Көк-Сай айылынын тургундары казак чек арачылары менен чатакташып, алардын талааларына Кыргызстан аркылуу кеткен сугат сууну бууп коюшкан. Казакстандын чек арачылары эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү аталган маселени чечкенче, чек араны зым тор менен жабуу азырынча токтотулаарын билдиришкен. Жакынкы арада аталган маселе боюнча эки мамлекеттин тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG