Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Ошто айдоочулар кайрадан иш таштайт


Ош облустук автоунаа бирикмесинин төрагасы Мырзамат Чынгараевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, Кытайдан кирген товарларды кыргызстандык айдоочулардын ташуусуна тыюу салынды. Мунун айынан үч миң чакты КАМАЗ унаасы токтоп, Ош, Кара-Суу жана Бишкек базарларына жүк тарткан алты миңдей айдоочу ишсиз калды. Алардын көпчүлүгү Алай жана Кара-Суу райондорунун тургундары эле. Ошондуктан алар мындай чечимге каршы экендигин билдирип, каттамдарды жандандырууну талап кылып, кайрадан иш ташташмакчы.

Май айынын ортосунда иш таштаган айдоочулар менен Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров жолугуп, алардын өтүнүчү ушул жылдын 1-июнуна чейин биротоло чечилээрин убада кылган. Бирок айдоочулардын айтымында, облустук да, борбордук да бийликтен азыркыга чейин жооп жок. (ATo)

XS
SM
MD
LG