Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Коопсуздук кеңеши Израиль армиясынын жортуулун талкуулай баштады


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Израиль аскерлеринин гуманитардык колоннага чабуул коюшун талкуулай баштады. Кемелер Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирип бараткан жеринен кечээ таңга маал жортулга туш болуп, кеминде 9 киши набыт кеткен, 50 чактысы жарадар болду. Эл аралык коомчулук Израиль армиясынын рейдин айыптады. Түркия аны “мамлекеттик терроризм” деп атады. Колоннаны баштап бараткан кеме түркиялык болчу, анын бортундагы 600 кишинин 400дөүй түрк жарандары. Анкара Израиль менен биргелешкен аскерий машыгуудан баш тартты жана өз элчисин чакыртып алды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун чабуулду жакшылап иликтөөгө үндөдү. Россия, Европа Биримдиги жана бир катар мамлекеттер жөөт армиясынын акциясын айыпташты. Дүйнөнүн бир катар чоң шаарларында нааразылык митингтери өттү.

XS
SM
MD
LG