Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бакчалары жардам алат


Бүгүн Аялдардын дипломатиялык клубу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бакчаларына барып колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Аталган клубга Кыргызстанда уруксаты бар дипломатиялык кызматтардын жетекчилеринин жана саясий, коомдук ишмерлердин жубайлары мүчө. Бүгүн Кыргызстан Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилейт. Буга байланыштуу жер-жерлерде иш-чаралар уюштурулат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү балдар үйлөрүнө барып абал менен жеринен таанышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG