Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Бүгүн Нарында ачкачылык акциясы башталат


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, 12 адамдан турган топ жергиликтүү бийликке коюлган талаптары аткарылбай жатканына нааразалынап мөөнөтсүз ачкачылык акцияга чыкканы жатышат. Акциянын катышуучуларынын бири Канайым Бердибаева “Азаттыкка” буга чейин Нарында губернатордун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбековго облустук акимчиликтин пенсия курагындагыларды жумуштан кетирүү, шаар мэрин орун басарлары менен кошо алмаштыруу, “Ак Жол” партиясынын акыркы парламенттик, президенттик шайлоону бурмалаган активдүү мүчөлөрүн жумуштан алуу боюнча талаптар коюлган, деп билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай иш-чарадан кабары жок экенин маалымдап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG