Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Чоңалайлыктар Убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдошту


Бул тууралуу "Азаттыкка" Чоң-Алай районунун тургуну Турсунбай Калилов кабарлады. Кайрылууда мурдагы министр Нурлан Сулаймановдун күйөө баласы Бакировду райондук башкы дарыгерлик кызматтан кетирип, анын ордуна баш мээ хирургу Абдисамат Муратовду дайындап берүү өтүнүчү айтылган.

“Мындан бир жыл мурун, операциянын бардык түрлөрүн жасап, канчалаган адамдардын өмүрүн сактап келген Абдисамат Муратовду район бийлиги жүйөөсүз себептер менен иштен алды. Анын ордуна түшүнүксүз себептер менен эле бизнес тармагында жүргөн, экс министр Нурлан Сулаймановдун бир тууган күйөө баласы Бакировду элдин каршы чыкканына карабай дайындап койду. Көпчүлүк оорулуулар азыр аргасыз Ош шаарына келип дарыланууга мажбур болуп жатышат”, - деп белгиленет кайрылууда.

Биз бул маселе боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районунун жетекчилигинен жооп алуу аракетин жасадык, бирок азырынча расмий жооп алууга мүмкүн болгон жок. (KE)

XS
SM
MD
LG