Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Билим жана илим министри алмашты


Мурдагы Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев кызматынан бошотулуп, жаңы министр болуп Канат Садыков дайындалды. Буга байланыштуу токтомго Убактылуу өкмөт жееткчиси Роза Отунбаева кол койгон. Жаңы министрди жамаат менен бүгүн Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев тааныштырды. Окумуштуу К.Садыков мурда аталган министрликке караштуу кесиптик билим берүү башкармалыгын жетектеп келген.
Абдылда Мусаев мырза министр болоордон мурда (2009-жылдын 12-февралына чейин) Бишкек гуманитардык университетин жетектеп келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG