Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Р.Отунбаева: Конституциянын жаңы долбоору - авторитаризмге жол бербейт


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди. Ал ошондой эле конституциялык реформага карай кадамдар, мамлекеттик бийликти легалдаштыруу маселелери тууралуу сөз сүйлөдү. Мындан сырткары Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык парламентте 120 депутат болорун, анын 65тен ашык эмес орунун эң көп пайыз топтогон партия өкүлдөрү ээлей турганын кошумчалады. Өз кезегинде район тургундары өлкө чоң өзгөрүүнүн босогосунда турганын, бирок өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга дагы арбын иштерди жасоо зарылдыгын белгилешти. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG