Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Аскердик окуу борборун негиздөө жөнүндө келишим кайра каралууда


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде билдирген. Аскердик окуу борборун Баткен облусуна негиздөө жөнүндө сүйлөшүүлөр мурдагы бийлик учурунда башталган. Анын негизинде АКШ беш жарым миллион доллар каражатты Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун түзүүгө бөлгөн.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы түзүлгөн борбор кыргыз өкмөтүнө тиешелүү экендиги, ал жайда Кыргызстандын аскерий коргонуу жана коопсуздук адистерин даярдоо ишке ашаарын, бул АКШ менен Кыргызстан ортосунда коопсуздук боюнча кызматташуунун бөлүгү экенин кабарлаган.

Исмаил Исаков Баткенге аскерий окуу борборун ачууга негиз жок экенин, борбор Кыргызстандын башка аймактарына курулушу ыктымалдыгын кабарлады. Анын айтымында, министрликтин тиешелүү адистери Кыргызстан үчүн аскерий окуу борборун куруу маселесин карап жатат. Бирок ал качан, кандай тыянак чыгарары тууралуу айтуу эрте экенин кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG