Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Эрдоган Израилдик аскерлердин рейдин “кызыл кыргын” деп атады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жөөт аскерлери Газа тилкесине жөнөгөн кемеге кол салганын "кызыл кыргын" деп атады. Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ал боюнча Израилди айыптаган. Газа тилкесине гуманитардык жардам алып бараткан Түркиянын кемесине жөөт аскерлери дүйшөмбүнүн таңында чабуул коюп, 9 адамды өлтүрүшкөн. Дагы ондогон адамдар жарадар болушту. Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши окуяны кылдат иликтөөгө чакырды. Мына ушундай эле таризде “астейдил иликтөө болушун” Орусия менен Евробиримдик да талап кылышты. Палестиналыктар, араб өлкөлөрү жана Түркия “Израилди катуураак жазалаш керек” дешкен эле. Израил Газаны деңиз блокадасында кармап турат.

XS
SM
MD
LG