Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

“Аль-Каиданын” лидерлеринин бири өлгөн болушу мүмкүн дешти


Бул тууралуу АКШнын чалгын кызматтары кабарлашты. Чалгынчылар “Аль-Каидадагы” үчүнчү адам, Осама бин Ладендин казыначысы Мустафа Абу ал-Язид Пакистанда өлтүрүлгөнүн айтышты. Окуя жөнүндө экстремисттердин интернеттеги сайттарынын биринде маалымат айтылган экен. Ал сайтка көз салган онлайн-мониторинг кызмат Язиддин жубайы, үч кызы жана небереси да өлгөнүн кошумчалады. АКШда ФБРдин билдиргенине караганда, дал ушу киши 2001-жылы 11-сентябрда Америкадагы терактты жасаган учкуч-жанкечтилерге акча которгон.

XS
SM
MD
LG