Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Нарында ачкачылык акциясы башталды


Түшкү саат 2ден 15 мүнөт өткөндө Нарын шаарындагы борбордук аянтта жети киши ачкачылык акциясын баштады. Алар Нарын шаарынын мэри баш болгон 43кө чукул пенсия курагындагы мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алууну талап кылышууда. Катышуучулардын бири Канайым Бердибаеванын айтымында, алар үч күн Нарында турушат, эгерде талабы аткарылбаса Бишкекке барышат. Акциянын катышуучулары менен Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимакунова сүйлөштү, бирок акция токтогон жок. Ошол эле жерден кишилерди жумуштан алуу боюнча кол чогултуу иш-чарасы башталды. Ал эми облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков чогуу жүргөн талапташтарынын бул ишке барышына үчүнкү күчтөр кызыкадар болушу мүмкүн болгонун айтып, референдумду өткөрүүгө тоскоолдуктар болушу ыктымал деген пикирин билдирди. (JI)

XS
SM
MD
LG