Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Түркия АКШны Израилдин чабуулун айыптоого үндөөдө


Вашингтон Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемелердин Израиль тарабынан аткыланышын айыптоодон баш тартууда. Мамлекеттик департамент адамдардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирген. 1-июнда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 12 саатка созулган талкуулардан кийин Израиль аскерлеринин операциясын айыптаган атайын билдирүү кабыл алды. Анкара АКШны Израиль армиясынын чабуулун айыптоого үндөгөн эле. Дүйшөмбүнүн таңында “Эркиндик флотилиясы” деп аталган кербенди баштап бараткан түркиялык кемеге жасалган рейд учурунда 9 киши набыт кеткен. Түрк өкмөт башчысы Израилди “кызыл кыргын” үчүн айыптаган. Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши окуяны иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүү аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG