Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Кабулда тынчтык курултайы башталууда


Ооганстанда бүгүн 3 күндүк тынчтык курултайы - "Лойя жырга" башталууда. Ага 1 миң 600дөй делегат катышат деп күтүлүүдө. Курултайда зомбулуктан баш тарткан козголоңчулар менен элдешүү маселеси сөз кылынат. Атап айтканда делегаттар президент Хамид Карзай сунуш кылган бейпилдик жана реинтеграция программасын талкуулашмакчы. Жыйын учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн 12 миңдей аскер тартылды. Талибан кыймылы ага катышуу сунушун четке кагып, делегаттарды коркутуп-үркүтүшүүдө. Козголоңчулардын дагы бир тобу – экс-премьер-министр Гүлбуддин Хекматиярданы "Хизби-Ислами" уюму курултайга чакырылыгандар бийлик тарабынан тандалганын айтып, аны "убакыт коротуу" деп атады.

XS
SM
MD
LG