Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

И. Исаков Баткен облусунда болду


Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Баткен облусунун Сох аймагындагы Согмент жана Чарбак айылдарынын тургундары менен жолугушуп, өзбек тараптагы Хушяр айылын айланып өтүүчү автожолдун курулушуна Убактылуу өкмөттөн 1 миллион сом бөлдүрүп берүүгө убада кылып, кыргыз-өзбек чек ара жетекчилеринин кечээги сүйлөшүүсүндө макулдашылган маселелер чечилерин айтты. Жолугушуудан кийин Исмаил Исаков Ош шаарына багыт алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” дубандагы кабарчысы билдирди.

Акыркы күндөрдө Баткендеги Сох анклавынын тегерегинде кырдаал курчуп, 31-майда кыргыз тарап Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан. Ага буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпашы себеп болгону айтылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG