Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Балыкчыда У.Барыктабасовдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө


Балыкчы шаардык мэриясынын алдында “Мекен Туусу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун эки миңден ашуун тарапкерлери митингге чыгып, Убактылуу өкмөттөн анын мекенине кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү талабын коюшууда. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири Акыл Акунов “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми митингге байкоочулардын баамында 500-600гө чукул чогулган элге оппозициялык багыттагы “Эл сөзү” гезити таратылып берилди. Алар менен шаар бийлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.

Ысык-Көлдөгү кабарчыбыздын маалыматтарына караганда, бүгүн Урмат Барыктабасовдун тарапкерлери Караколдо да митинг өткөрүшүп, Убактылуу өкмөттөн У.Барктабасовго мурда козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны актоону жана өлкөсүнө кайтып келүүсүнө бут тоспоону талап кылышууда.

"Мекен Туусу" партиясынын лидери Урмат Барыктабасов 2005-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, БШК аны Казакстандын жараны деген жүйө менен каттоодон баш тарткан. Буга нааразы болгон У.Барыктабасовдун жактоочулары 17-июнда өкмөт үйүнө кирип барышып, күч органдары тарабынан таркатылган. Партиянын лидерине "Массалык башаламандыкты уюштурган", "Мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылган",-деген айыптар коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG