Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Өзбекстан чек арага жакын жердеги аскердик оор техникаларын чыгарууда


Бул тууралуу Баткендеги кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, он бир жыл мурда кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылына жакын жерде жайгаштырылган Өзбекстандын десанттык батальонунун аскердик согуштук 26 оор техникасы ушул тапта чыгарыла баштады.

Маалыматка караганда бул иш-чара кыргыз-өзбек чек ара жетекчилеринин кечээги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун Баткендеги Сох аймагындагы Согмент жана Чарбак айылындагы жолугушуусунан соң ишке ашырылууда.

Баткендеги Сох анклавынын тегерегинде кырдаал курчуп, 31-майда кыргыз тарап Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG